Башкаруунун электрондук стандарттары коррупцияга каршы

2017-жылдын 1-октябрына чейин КР Өкмөтү тарабынан калкка мамлекеттик кызмат корсотуунун 200 жакын түрү, тактап айтканда жалпы санынын 50 %-ы электрондук форматка өткөрүлушу зарыл. Мындай тапшырманы КР премьер-министри Сооронбай Жээнбеков КР Өкмөтүнүн июль айында откон отурумунда айткан. Өкмөт башчысы «электрондук башкаруу жана электрондук документти айланту маселеси дүйнө жүзүндө алдынкы орунда тураарын, ошондон улам онуккон өлкөлөрдун  коррупцияга каршы алып барган курошуусу он натыйжа берип жатканын» баса белгилеп өтткон.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ишке ашырылып жаткан «Таза Коом» долбоору дагы негизги иш-чара катары элге мамлекеттик кызмат корсотууну электрондук стандарттарга которуу маселесин коюуда. Айтылган долбоор жалпы өлкөнүн экономикасын санариптик ыкмаларга өткөрүүнү тездетүүгө багытталган, жана келечекте бардык заманбап талаптарга оперативдүү жооп бере алган жөндөмдөгү мобилдүү жана ийкемдүү мамлекет курууга түрткү берет. Бирок алдыга койгон максатка жетүү үчүн бери дегенде эле,  мамлекеттик, коомдук жана ишкердик чөйрөлордүн кайрадан жаңылануусу абзел. Мындай жаңыланууга каршы тургандар чекеден чыкса керек, анткени жаны кадамдар алардын кызыкчылыктарына тоскоол болуп, эн оболу, коррупциялык  кызыкчылыгына кедергисин тийгизиши мүмкүн.

Калка кызмат көрсөтүүну электрондук форматка өткорүү маселеси, жалпы мамлекеттик кызматтын электрондук документ айлантууга өтүүсу жана электрондук өкмөттүн ишмердигин ишке ашыруу маселеси Кыргызстанда бир нече жолу көтөрүлгөн. Бирок ар бир каралган сайын бул идея белгилүү жана белгисиз себептерден улам ишке ашпай, башкаруунун алдыңкы ыкмаларына өтүү пландары көбүнчө кагаз жүзүндө жана жакшы тилек катары кала берген.

2012-жылы элге корсоткон мамлекеттик кызматты электрондук түргө өткорүү  жонундо кезектеги жолку маселе көтөрүлгөндө, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык техникалар менен камсыздоо департаменти (ДДМТКД) фармацевтикалык ишканалардын продукциясы жонундо маалыматты алгач департаментке андан кийин «Сырткы соодадагы «бирдиктүү терезе» борбору» аттуу Мамлекеттик ишканага өткөрүү боюнча электрондук системасын иштеп чыгып, жузого ашырууга жетишкен. Фармацевтикалык продукцияны жана медициналык шаймандарды стандартташтыруу боюнча олуттуу иш жүргүзүлгөн. Дары-дармектердин ар бир туруно белгилүү код берилген. Департаменттин кызматкерлери кардарлар менен иштоодө колдонгон 40 ашуун маалымат китепчелери электрондук стандартка өткөзулгон жана дары каражаттардын маалымат системасына киргизилген болучу. Фармацевтикалык компаниялар жана алардын Кыргызстандагы өкүлдөрү Интернет аркылуу ДДМТКДнин маалымат системасына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышкан. Бул, өндүрүмү тууралуу керектүү маалыматты фармкомпаниялардын өкүлү электрондук система аркылуу мамлекеттик органга тапшыра алат жана керектүү тастыктоочу документтерди өз кеңсесинен чыкпай туруп алууга болот дегенди билдирет.

Мисалы, бажыга фармацевтикалык фирманын жүгү келип түшөт, аны бажы органы каттоодон откозүүсү зарыл, бирок ал үчүн келип түшкөн жүк дары каражаты же медициналык шайманы экендиги тууралуу маалымдама талап кылынат. Фирманын өкүлчүлүгү электрондук система аркылуу ДДМТКДне келип түшкөн жүк тууралуу маалымат берет жана депатаменттен аны тастыктоочу документ алат. Бүтүндөй бул процедура бир нече минутанын аралыгында аткарылат. Электрондук системаны авторлорунун оюнда административдик процедуралардын оптималдуу чечилиши дал ушундай, кымтыгы жок, тез жана оной отушу керек эле.

Бирок 2012-жылдан баштап 2017-жылдын 1–мартына чейин бул үлгүлүү кызмат корсотуу ыкмасы ар кандай себеп-шылтоолор менен иштебей келген. Бажы органдары фармацевтикалык фирмалардан кагаз турундогу маалымдаманы талап кылууну уланта беришкен, фармкомпаниялардын окулдору мурункудай эле ары-бери чуркап, документтерин ырастап, департаменттин кабинеттеринен кезек кутуп, чыгымдарын санап, санага батып келишкен. Департаменттен кагаз түрүндөгү маалымдаманы алуу үчүн өндүрүүчү-фармацевт бул органга өзүнүн кат жүзүндөгү толук далилдери менен келип, кезектен кезеке туруп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, документтин даяр болушун күтүүсү керек эле. Андан кийин бажы терминалына шашып барар эле.

Балким, департаменттин жетекчилигине ушул беш жыл ичинде электрондук системаны алдыга жылдыруу учун, ага турку берип ишке киргизуу учун бир аз гана чечкиндүүлүк жетишпей калган чыгар. Бирок, ушул жылдын 1-мартынан баштап фармацевтикалык фирмалардын ɵкүлдɵрүнун, бажыканага келип түшкɵн жүк дары каражаты болуп саналат жана ал ошол деӊгээлде бажыканын каттоосунан ɵтүүсү керек деген маалымдама алууүчүн департаментке атайын келүүго зарылчылыгы жок. Ушул кундон баштап айтылган маселелердин бардыгын алар интернет жана дары каражаттарынын электрондук системасы аркылуу чече турган болуп калышты. Ачыктык үчүн айрым сандарга кɵӊүл буралы: департаменттин кагаз түрүндɵ маалымдама берүүдɵн баш тарткан убакыттан баштап, 3 айдын эле ичинде 137 фармацевтикалык фирмалар куйучу майлардын эсебинен 20 миӊ сом үнɵмдɵшкɵн, кереги жок документтердин жана маалымат берүүлɵрдун эсебинен 3000 ге жакын кагаз барактарын таза бойдон сактап калышкан. Ал эми, адамдардын кезек күтүүдɵ кетирген убактысы жана кыжалатчылыктары жонундо айтапаса да тушунуктуу. Мына ушундай эле ыкмада эсептеп корсок, эгерде электрондук система мындан беш жыл мурун иштеп баштаганда, бугунку кунго ошол эле 137 фирма куйучу майлардын эсебинен 400 000 сомду, 28 000 даана маалымдама алууүчүн коротулган 60 000 барак кагазды уномдоп калышмак. Бирок, болгон иш болду, отту да кетти, ɵткɵндү кайтара албайсын. 

Бул корсотулгон учкай статистика да кɵп нерседен кабар берет. Эн оболу,  заманбап жогорку технологиянын мүмкүнчүлүктɵрүнɵн, кызматтын электрондук түрлɵрүнɵн баш тартып, «кɵзмɵ-кɵз – атка минер – сурануучу» кызмат корсотуу  формуласы боюнча бетме-бет байланышууга артыкчылык берүү менен кɵптɵгɵн каражаттарды, убакытты жана күчтү талаага кетирип и жаткандыгыбыз тууралуу маалымат берет. Калка кызмат кɵрсɵтүүчү электрондук формат бир гана администрациялык жол-жоболорго ыӊгайлаштырууга эмес, бюрократиялык тоскоолдорду алып салууга да багытталган.

Башкаруунун электрондук стандарттарынын негизги максаттарынын бири кызмат кɵрсɵтүү үчүн мамлекеттик ыйгарым укукка ээ болгон кызматкердин кызматка муктаж болгон жеке адамдар менен бетме-бет жолугуушу мумкунчулугун кескин турдо азайтуу болуп саналат. Анткени мындай жолугушуулар коррупциялык муноздогу мамилени туудурбай койбойт, жана паракорчулук, пара алуу жана пара берүүлорго айланып кетишинде калет жок. Кызыкчылыгы бар тараптардын оз ара тааныштык аркылуу иш алып барганы жакшылыкка алып келбегени белгилуу. Биз бул тууралуу кɵп эле айтып келебиз, жана ɵлкɵбуздун атуулдары да паракорчулук тууралуу жакшы эле кабардар болушу керек, коррупция менен күрɵшүү мамлекеттин жана коомчулуктун бир топ каражатын, убакыт жана күчүн алууда. Биз канчалык тез арада мамлекеттик башакаруу системасын санариптик стандарттарга жана электрондук ыкмаларына откозсок, ошончолук эрте ɵкмɵттүн электрондук программасы иштеп баштайт жана биздин коррупцияга каршы жалпы күрɵшүбүздун натыйжалуу болот.

Бүгүнкү күндɵ биздин дары-дармек менен камсыз кылуу департементинин адистери электрондук система аркылуу кызматтардын жаӊы турлорун киргизүү маселесинин үстүндɵ узурлуу иштешуудо. Жакынкы убакыттын ичинде Онлайн-каттоо кызматын киргизүүнү болжолдоп жатабыз. Бул система реалдуу убакыт режиминде Web-сайт аркылуу дары каражаттарын каттоого арыз берүү мумкунчулугун жаратат. Бул жаӊы иштеп чыгуулар арыз берүүчү менен аткаруучунун ортосундагы бетме-бет байланышын үзɵт. Каттоо үчүн керек болгон документтер электрондук форматта келип түшɵт, ошондой эле арыз берүүдɵгү бардык этаптар – кабылалуудан баштап, экспертизадан откоруу, лабораториялык изилдɵɵлɵр, мамлекеттик каттоо тууралуу күбɵлүктү бергенге чейин бардыгы электронджук система аркылуу бутурулот. Каттоонун электрондук системасын дары каражаттарынын атайын тизмеси, каржы Министрлигинин мамлекеттик сатыпалуу парталы, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жана дарыкана мекемелеринин санариптик системалары менен биргелештирилет. Келечекте бул система дары каражаттарын жана медициналык шаймандырын айланту бɵлүгүндɵ Евразиялык экономикалык союздун электрондук маалымат системасына кошулат. Дары каражаттарын электрондук ыкмалар аркылуу катталышы коррупцияга каршы турууда жаӊы мүмкүнчүлүктɵрдү жаратат, анткени ал дары каражаттарын каттоо жолдорун толугу менен ачык жана таза кылат. Онлайн-каттоонун оӊ натыйжалары жана жаны мүмкүнчүлүктɵрү туралуу качан бул программабыз иштей баштаганда кененирээк сɵз кылмакчыбыз.

 

Г. Шакирова – КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ДДжанаМТК Департаментинин башкы директору

4 август. Кыргыз Туусу